Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн салык мезгилдерине пайдалануу үчүн турак жай имарараттары жана жайлары үчүн 2025-2027-жылдарга салык ставкаларын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын
Т О К Т О М У
19-февраль 2025-жыл
№ 4/1
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн салык мезгилдерине пайдалануу үчүн турак жай имарараттары жана жайлары үчүн 2025-2027-жылдарга салык ставкаларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 4-пунктуна жана Салык Кодексинин 379-380-беренелерине ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1.  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жаңы-Алай  айыл  өкмөтүнүн аймагында 2025-жылдын                       1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
  2. Мүлк салыгын эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде 8,5 чен (ставка) менен жүргүзүлсүн. 
  3.  Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  аймагында турак жай имарараттары жана жайларынын жер салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналдык коэффициенти 1 жана мүлк салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналдык коэффициенти 1,0 болуп бекитилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Аксакалдар сотунун регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын
Т О К Т О М У
19-февраль 2025-жыл
№ 4/2
Жаңы-Алай айылы
Аксакалдар сотунун регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 6-главасынын 60-беренесине ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Аксакалдар сотунун регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Жаңы-Алай айыл өкмөтү  Аксакалдар сотторунун регламентин ушул токтомдун  2-пунктунда сунушталган тартипте иштеп чыгууга, кабыл алууга көмөктөшсүн.
  3. Ушул токтом жана Аксакалдар сотунун регламенти Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн   jany-alai.el.kg веб-сайтына жарыялансын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Аксакалдар сотунун регламентин расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Алай айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

                                                                     Тиркеме

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин

8-чакырылышынын 4 кезексиз

сессиясынын  2025-жылдын

19 - февралындагы  № 4/2

токтомуна

 

Аксакалдар сотунун

РЕГЛАМЕНТИ

I . Жалпы жоболор

1. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам), Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт.

2. Аксакалдар соттору – ыктыярдуу жана жергиликтүү коомчулуктун колдоосунда, шайлануунун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлүүчү, Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда жарандардын, жарандар менен юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар жөнүндө иштерди (материалдарды) кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган.

3.  Аксакалдар соттору  Мыйзамда аныкталган тартипте айыл аймактарында жарандардын чечими боюнча уюштурулат.

4. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, аталган Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.

Аксакалдар соттору өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кыргызстан калкынын тарыхый калыптанган салттарынан жана үрп-адаттарынан келип чыккан моралдын жана адеп-ахлактын ченемдерин жетекчиликке алат.

5. Аксакалдар сотторуна  Мыйзам менен жарандардын бузулган же талашып жаткан укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же аларды жараштыруу; мыйзамдуулукту бекемдөөгө, укук тартибин сактоого көмөктөшүү, социалдык                 чыр-чатактарды баштапкы этабында жоюуга катышуу; жарандарды мыйзамдарды, моралдын ченемдерин, адеп-ахлакты, Кыргыз Республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген үрп-адаттарын жана салттарын урматтоого тарбиялоо милдеттери жүктөлгөн.

6. Аксакалдар соттору ушул Регламенттин 5-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүдө ынандыруу, коомдук таасир этүү, тараптарды жараштырууга жетишүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген адилеттүү чечим чыгаруу жолу менен иш алып барат.

7. Аксакалдар сотторунун актылары чечим жана аныктама түрүндө чыгарылат. Аксакалдар соттору каралган иштин маңызы боюнча чечим, ал эми териштирүүнүн жүрүшүндө чечүүнү талап кылган айрым маселелер  боюнча  аныктама кабыл алышат.

Чечимге аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коёт. Аныктама аксакалдар сотунун жыйыны учурунда кабыл алынса, аныктамага аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коёт, аныктама материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо учурунда кабыл алынса, аныктамага материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо жүргүзгөн аксакалдар сотунун мүчөсү кол коёт.

8. Аксакалдар сотунун чечимдери жана аныктамалары, аксакалдар сотунун жыйналыштарынын протоколдору аксакалдар сотунун төрагасы, аксакалдар сотунун мүчөлөрү менен макулдашуунун негизинде, аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу  болуп аныктаган аксакалдар сотунун мүчөсү (мындан ары – катчы) тарабынан таризделет.

 

2. Иштерди (материалдарды) кароого даярдоо

9. Аксакалдар сотторунун кароосуна келип түшкөн бардык материалдар (иштер жана арыздар) келип түшкөн күнү атайын журналга  катчы тарабынан катталат.   

10. Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндө карайт.

11. Аксакалдар сотунун төрагасы же төраганын тапшырмасы менен аксакалдар сотунун  мүчөсү келип түшкөн  иш (материалдар) менен 5 календардык күндүн ичинде алдын ала таанышып чыгып, Мыйзамдын 7, 19 жана 22-беренелеринин талаптарын эске алып, аксакалдар сотунун компетенциясына кирер-кирбесин, ушул ишти аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюнча ишти кароо үчүн андагы материалдардын жетиштүүлүгү тууралу корутунду түзөт.

Корутундуда иштин иш жүзүндөгү жагдайлары, аксакалдар сотунун кароосуна тартылып жаткан адамдын ким экени жөнүндө маалыматтар жана аксакалдар сотунун өндүрүшүнө кабыл алуу же аны кайтарып берүүнүн негиздерин көрсөтүү менен кайтарып берүү жөнүндө сунуш көрсөтүлөт.

12. Корутунду аксакалдар сотунун жыйналышында каралат. Анын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечим ( аныктама) кабыл алынат:

- иш (материал) тиешелүү аксакалдар сотунун компетенциясына тиешелүү болуп, кошумча материалдарды суратуунун зарылдыгы жок болсо ишти өндүрүшкө алуу жөнүндө;

Ишти (материалдарды) кароо күнү, убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун төрагасы тарабынан аныкталат. Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлөт;

- иш (материал)  аксакалдар сотунун компетенциясына кирбеген  же ал аксакалдар сотунун кароосуна жатпаган учурда  кайтарып берилет;

-  ишти кароого алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп жиберилет;

- кошумча материалдарды суратып алуу жана аларды иликтөө зарыл болгон учурда ишти (материалдарды) кароо мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылат.

13.Аксакалдар сотунун жыйналышында ишти (материалды) кароонун кароо күнү, убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун төрагасы тарабынан аныкталат.

Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлөт.

Кайтарылып берилген материалдардын ээлерине себебин көрсөтүү менен жооп, мөөнөтү узартылган кайрылуу ээлерине себебин көрсөтүү менен билдирүү жиберилет.

14.Ишти (материалдарды) кароо 18 жашка чейинки адамдарга байланыштуу болгондо аксакалдар соту алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн (ата-энесин, көзөмөлчүсүн, камкорчусун, алар жок болгондо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин), алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишти олуттуу кароо боюнча отурумдун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат.

Аксакалдар сотуна он сегиз жашка толо элек адамдарды алардын мыйзамдуу өкүлдөрүсүз чакырууга, тарап (арыз ээси, жоопкер) жана күбө катары катышуусуна жол берилбейт.

3. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароосунун тартиби

15.Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) өздөрүнүн жыйналышында карайт. Аксакалдар сотунун жыйналышы зарылчылыгына, материалдардын келип түшүшүнө жана кароого даяр болушуна жараша өткөрүлөт.

16. Аксакалдар сотторунда териштирүү ачык жүргүзүлөт.

Аксакалдар соту тараптардын биринин өтүнүчү боюнча, 18 жашка толо элек адамдардын жашоосунун жеке жактары жөнүндө маалыматтардын ачыкка чыгышына жол бербөө максатында үй-бүлөлүк талаш-тартыштар, ошондой эле жеке жана башка мүнөздөгү сырды камтыган башка иштер боюнча  териштирүүнү жабык жыйналышта жүргүзөт.

17. Мыйзамдын 10-беренесинде аныкталгандай, аксакалдар сотторунун өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт.

 Аксакалдар соту тараптардан ар кандай жазуу жүзүндөгү материалдарды иш каралып жаткан тилге которууну талап кыла алат.

Ишке катышып жаткан жана аксакалдар сотунун жыйналышы жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген жактар котормочунун (сурдокотормочунун) кызматынан пайдалана алышат. Котормочунун катышуусун өтүнмө берген тарап камсыз кылат.

18. Аксакалдар соту иштерди анын мүчөлөрүнүн курамынын көпчүлүгү болгондо кароого укуктуу.

19. Аксакалдар сотунун катчысы жыйын башталганга чейин паспортун же өздүгүн тастыктоочу башка документин текшерүү менен жыйналышка катышуучу жактардын, чакырылган күбөлөрдүн ж.б. катышуучулардын келип-келбегендигин тактайт жана төрагага кабарлайт.

20. Аксакалдар сотунун төрагасы/төрагалык кылуучу жыйналышты ачат, соттун курамын тааныштырат, карала турган ишти (материалды) жарыялайт. 

21. Жыйын ачылгандан кийин төрагалык кылуучу аксакалдар сотуна чакырылган адамдардын келгендигин тастыктайт, процесстин тараптарына жана башка катышуучуларына алардын укуктарын түшүндүрөт, андан кийин аларда аксакалдар сотунун курамы боюнча четтетүү жана өтүнмөлөр бар-жогун, ал эми мүлктүк, үй-бүлөлүк, жарандык, турак жай, жер мамилелери боюнча талаш-тартыштар жагынан алардын иштерин аксакалдар соту кароосуна тараптардын макулдугун аныктайт.

22. Аксакалдар соту жыйынына катышып жаткан адамдардан кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана аксакалдар сотунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрүн ордунда отуруп кеңешүү менен чечет. Чечим катышуучуларга жарыяланат.

23. Аксакалдар сотунун жыйынына катышып жаткан адамдар аксакалдар сотунун айрым мүчөлөрүн четтетүү, кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана аксакалдар сотунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрдү билдирүүгө укуктуу.

Жыйынга катышып жаткан адамдардын аксакалдар сотунун айрым мүчөлөрүн четтетүү жана аксакалдар сотторунун өзүн-өзү четтетүү боюнча кайрылуусу өзүнчө бөлмөдө, ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин Мыйзамдын 27-беренесине ылайык чечилет жана жыйналыштын катышуучуларына билдирилет.

Аксакалдар соту кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрдү ордунда отуруп кеңешүү менен чечет жана ошол замат жарыялайт.

24. Четтетүүлөр жана өтүнмөлөр жөнүндө маселе чечилгенден кийин төрагалык кылуучу маңызы боюнча иштин жагдайларын баяндайт.

25. Төрагалык кылуучу тараптарга ишти маңызы боюнча кароонун ар кандай этабында тараптар үчүн өз ара алгылыктуу макулдашууну кабыл алуу аркылуу жарашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет.

26. Андан кийин сот арыз ээсинин жана анын тарабында иштин жыйынтыгына кызыкдар болгон жактардын, жоопкердин жана анын тарабында катышкан иштин жыйынтыгына кызыкдар жактардын, ошондой эле ишке катышып жаткан башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угат, иш боюнча берилген материалдарды изилдейт.

27.Аксакалдар соту иш боюнча кандайдыр бир кошумча маалыматты же маалыматтарды алуу зарыл болгон учурда каралып жаткан иштин (материалдын) маңызы боюнча чечим чыгарбастан, жыйналышты кийинкиге калтырууга же аны башка мөөнөткө жылдырууга укуктуу.

28. Процесстин катышуучулары тарабынан толуктоолор жок болгон учурда, төрагалык кылуучу ишти кароонун аяктаганын жарыялайт.

 

4. Аксакалдар сотунун чечим чыгаруусу

29. Аксакалдар сотунун курамы ордунда кеңешип же өзүнчө бөлмөгө чыгып, ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен чечим кабыл алат. Чечим жыйында изилденген далилдерге гана негизделиш керек.

30. Аксакалдар сотунун чечиминин резолюциялык бөлүгү жазуу жүзүндө түзүлөт, ага  ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрү колтамга коёт, ошол эле жыйында аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрүнүн жана тараптардын катышуусунда жарыяланат.

 Чечимге макул болбогон аксакалдар сотунун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндайт. Аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өзгөчө пикири ишти маңызы боюнча чечүүгө таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелүүгө тийиш.

Аксакалдар соту ишке кароого катышкан жактар жана алардын өкүлдөрү жүйөлөнгөн чечим (жазуу жүзүндө) менен качан тааныша ала турганынын дагы жарыялоого милдеттүү.

31. Аксакалдар сотунун  чечими Мыйзамдын 32-беренесине ылайык таризделет.

Чечим жарыяланганга чейин төрагалык кылуучу жана аксакалдар сотунун мүчөлөрү колтамга коёт.

32. Аксакалдар сотунун чечими, эгерде ал даттанылбаса, чыгарылган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

33. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттө арыз ээсине, материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү.

34. Мыйзамдын 34-беренесинде көрсөтүлгөндөй, аксакалдар сотунун чечими төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирин дайындоо менен же ансыз кабыл алынышы мүмкүн:

1) коомдук эскертүү берүү;

2) эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;

3) коомдук сөгүш жарыялоо;

4) келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирүү;

5) эгерде чечимди аткарууда ыйгарылган мүлк жок болсо, жоопкерден өндүрүп алынууга тийиш болгон мүлктүн наркын көрсөтүү менен мүлктү натуралай берүү.

Коомдук таасир көрсөтүү чараларынын жогоруда белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана аксакалдар соту тарабынан кеңири чечмеленүүгө жатпайт.

 

5. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануунун жана аларды аткаруунун тартиби

35. Аксакалдар сотунун чечими чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш. Аксакалдар соту чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүп турат (кат жиберүү, чакырып сүйлөшүү ж.б. бардык аракеттери протоколдоштурулат.).  

36. Жоопкер аксакалдар сотунун чечиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө аксакалдар сотунун чечимин аткарбаган учурда, аксакалдар соту чечим анын пайдасына кабыл алынган адамга аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө сотко кайрылууну сунуштайт.

37. Аксакалдар сотунун чечими пайдасына чыгарылган тараптын райондук же шаардык сотко аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жазылган арызы төмөнкү документтерди тиркөө менен, арыз түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жиберилет:

1) аксакалдар сотунун чечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2) аксакалдар сотунун чечимин аткарбагандыгын ырастаган документтер;

3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсү башка тарапка жөнөтүлгөнүн ырастаган тапшыруу жөнүндө билдирүү же башка документ;

4) арызга колтамга коюуга өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ.

6. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси

38. Аксакалдар соттору өз ыйгарым укуктарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга методикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрыла алат.

39. Аксакалдар соттору Мыйзамдын 6-беренесинде аларга таандык болгон функцияларды жүзөгө ашырууда ички иштер органдары, прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен  кызматташат.

 

7. Аксакалдар сотторунун ишин каржылоо, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

40. Кыргыз Республикасынын Конституциясынынын 115-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинин  1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

41. Мыйзамдын 38-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аксакалдар сотторунун толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн аларга зарыл болгон заманбап жабдуулар менен жабдылган өзүнчө жайды (бөлмөлөрдү) бөлүп берет.

42. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ар кандай юридикалык жана жеке жактардын демөөрчүлүк жардамынан түшкөн каражаттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы башка акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ар кандай жеңилдиктерди жана материалдык сыйлыктарды берүүнү карайт.

а) аксакалдар сотунун отурумуна катышуусу зарыл болгон адамдарды, аксакалдар соту менен макулдашуу боюнча, өзүнүн кызматкерлерин, тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлерин чакырууга жана катыштырууга көмөк көрсөтөт;

б) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда жана аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча андан башка учурда аксакалдар сотунун документтерин кабыл алат жана сактап турат.

 

8. Аксакалдар сотторунун отчеттуулугу жана

документтерди сактоо тартиби

43. Аксакалдар соттору каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзөт.

44. Аксакалдар соттору өз иштери жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү аймактагы жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотторунун кеңешине (эгерде болсо) өзүнүн иши жөнүндө маалымат берет.

45. Аксакалдар соттору өз иштери жөнүндө маалыматты тиешелүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтына мезгил-мезгили менен жарыялап турат.

46. Аксакалдар сотторуда документтерди сактоо Мыйзамдын  41-беренесинде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

“Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө”

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын
Т О К Т О М У
19-февраль 2025-жыл
№ 4/3
Жаңы-Алай айылы
“Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө”

Бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Бекитүү:

-Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптар 1- тиркемеге ылайык;

-имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы 1-тиркемеге ылайык;

2.Айыл өкмөтү жана шаар куруу жана архитектура департаментинин аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди бекем жетекчиликке алышсын.

3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине жөнөтүлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын
Т О К Т О М У
19-февраль 2025-жыл
№ 4/4
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө башчынын орун басары-жооптуу катчы Э.Дурсуматованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун Уставы бекитилсин.
  2. Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине жөнөтүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 01-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин бюджеттин түзүлүшүн жана аткарылышы боюнча жургүзүлгөн аудит жыйынтыгы боюнча 2025-жылдын  04-мартындагы №01-8/20 сандуу сунуштаманы жана түзүлгөн отчетун кароо жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 5-сессиясынын
Т О К Т О М У
24-март 2025-жыл
№ 5/1
Жаңы-Алай айылы
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 01-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин бюджеттин түзүлүшүн жана аткарылышы боюнча жургүзүлгөн аудит жыйынтыгы боюнча 2025-жылдын 04-мартындагы №01-8/20 сандуу сунуштаманы жана түзүлгөн отчетун кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 01-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин бюджеттин түзүлүшүн жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудит жыйынтыгы боюнча 2025-жылдын 04-мартындагы №01-8/20 сандуу сунуштаманы жана түзүлгөн отчетун кароо жөнүндөгү Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 01-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин бюджеттин түзүлүшүн жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудит жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчетун жана сунуштаманын негизинде кетирилген кемчилдиктерди ордуна келтирүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш тутуу жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго  милдеттендирилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн  2025-жылдын 04-мартындагы №01-8/20 сандуу сунуштаманын жана түзүлгөн отчеттунда көрсөтүлгөн кемчилдиктерди ордуна келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык иш жүргүзүү жагы ФЭБ башчысы А.Пармановго  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.
Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 5-сессиясынын
Т О К Т О М У
27-март 2025-жыл
№ 5/2
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жаңы-Алай участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди бекитүү жөнүндө Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. ”Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын  19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Жаңы-Алай участкалык шайлоо комиссиясынын курамынын мөөнөтү бүтүп, башкадан курам түзүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл аймактарда өткөрүлгөн жамааттык жыйындардын протоколунун негизинде комиссиянын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер бекитилсин. ( тиркеме тиркелет )
  2. Участкалык шайлоо комиссиясына мүчөлүккө талапкерлердин өздүк документтери Алай аймактык шайлоо комиссиясына өз учурунда тапшырылсын. 
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык маданий маселелер боюнча кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

Качественный состав кандидатур, представленных представительными органами МСУ в резерв

участковой избирательной комиссии

УИК 5151

 

Ф.И.О.

Число, месяц, год рождения

Образование

Национальность

Пол

Место работы, занимаемая должность

Опыт работы в избира           тельных комиссиях

(месяц, лет)

Кем представлен

сотовый телефон

Ошская область, Алайский район с/у Жаны-Алай

УИК 5151

1

Акылбек кызы Телегей

28.02.1990

жогорку

кыргыз

аял

иштебейт

-

Алай көчөсү

0553 10 32 39

2

Бакирова Айнура

28.10.1979

жогорку

кыргыз

аял

№ 42 С.Ашимов орто мектебинин мугалими

10 жыл

Береке көчөсү

0558 04 56 55

3

Эркебаев Алмаз

01.06.1976

орто

кыргыз

эркек

иштебейт

5 жыл

Тынчтык көчөсү

0555 61 04 65

4

Шакирова Назгуль

18.01.1980

жогорку

кыргыз

аял

№ 42 С.Ашимов орто мектебинин мугалими

10 жыл

Алай көчөсү

0755 23 65 95

5

Исакова Нургуль

18.03.1982

жогорку

кыргыз

аял

№ 42 С.Ашимов орто мектебинин мугалими

10 жыл

Курманжан-Датка

0500 88 89 64

6

Турдумамат уулу Кабылбек

20.02.1991

жогорку

кыргыз

эрекек

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адис

10 жыл

И.Умаров

0551 60 08 79

7

Жусупова Нурила

01.12.1971

орто

кыргыз

аял

иштебейт

 

Келечек

0553 29 20 92

8

Матисаков Санжар

25.10.1990

жогорку

кыргыз

эркек

иштебейт

-

Береке

0555 05 20 98

9

Жапарова Айсулу

14.10.1984

орто

кыргыз

аял

иштебейт

-

Курманжан-Датка

0501 56 67 56

                     

 

 

 

Качественный состав кандидатур, представленных представительными органами МСУ в резерв

участковой избирательной комиссии

УИК 5152

 

Ф.И.О.

Число, месяц, год рождения

Образование

Национальность

Пол

Место работы, занимаемая должность

Опыт работы в избира           тельных комиссиях

(месяц, лет)

Кем представлен

сотовый телефон

Ошская область, Алайский район с/у Жаны-Алай село Жаны-Арык

УИК 5152

1.

Апыева Атимбү

01.01.1969

орто

кыргыз

аял

СВАда

санитарк

 

санитарка санитарка

-

Жаңы-Конуш

0773 12 69 30

2.

Акылтай кызы Айпери

04.09.1991

орто

кыргыз

аял

иштебейт

-

Жаңы-Конуш

0554 94 64 41

3.

Тажибек кызы Адина

03.01.1992

жогорку

кыргыз

аял

Жаңы-Арык балдар бакчасында тарбиясы

  •  

Береке

0708 43 19 50

4

Калыбай кызы Токтокан

23.01.1992

орто

кыргыз

аял

иштебейт

-

Жаңы-Конуш

0706 86 46 48

5

Джураева Манзулумкан

20.02.1974

орто

кыргыз

аял

иштебейт

10 жыл

Береке

0778 77 71 29

6

Кеңешова Гульсара

25.03.1973

орто

кыргыз

аял

Жаңы-Арык балдар бакчасында

10 жыл

Жаңы-Конуш

0709 85 17 31

7

Абдраева Шайыргүл

06.12.1978

орто

кыргыз

аял

иштебейт

-

Жаңы-Конуш

0500 50 33 44

8

Каны кызы Гүлзат

09.05.1993

орто

кыргыз

аял

иштебейт

-

Жаңы-Конуш

0557 87 07 93

9

Джумабаева Алтынай

06.09.1987

жогорку

кыргыз

аял

И.Умаров орто мектебинин мугалими

10 жыл

Береке

0502 67 20 20

                     

 

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 5-сессиясынын
Т О К Т О М У
27-март 2025-жыл
№ 5/3
Жаңы-Алай айылы

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 5-подпунктуна ылайык, жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүп, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.2025-жылга жайыт пайдалануучуларга бир баш малга жайыт акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

         - Бир баш бодо малга 100 сом, сырттан келген малга 150 сом;

         - Бир баш жылкыга 100 сом, сырттан келген жылкыларга 150 сом;

         - Бир баш майда жандыкка 30 сом, сырттан келген майда жандыкка 50 сом;

 

2.Элдин малын баккан малчыларга жайыт акыларын убагында төгүү боюнча алдын ала эскертүүлөрдү берүү жана жайыт акысын убагында төлөбөгөн мал багуучуларга мыйзам чегинде айып пулдар салынсын. 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

“Жаңы-Алай тазалык” муниципалдык ишканасы Жаңы-Алай айыл аймагын сапаттуу тейлөө үчүн 4500000 сомго 1 даана таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн макулдук берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 5-сессиясынын
Т О К Т О М У
27-март 2025-жыл
№ 5/4
Жаңы-Алай айылы
“Жаңы-Алай тазалык” муниципалдык ишканасы Жаңы-Алай айыл аймагын сапаттуу тейлөө үчүн 4500000 сомго 1 даана таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункутунун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. “Жаңы-Алай тазалык” муниципалдык ишканасына  Жаңы-Алай айыл аймагын  сапаттуу тейлөө үчүн 4500000 (төрт миллион беш жүз миң) сомго таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн макулдук берилсин.
  2. Таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн 3500000 (үч миллион беш жүз миң) сом акча каражаты Алай райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
  3. Таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн калган 1000000 (бир миллион) сом айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
  4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовко милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комисиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Калил кызы Элнуранын менчигиндеги турак жай куруу үчүн берилген жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги 6-сессиясынын
Т О К Т О М У
17-апрель 2025-жыл
№ 6/1
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Калил кызы Элнуранын менчигиндеги турак жай куруу үчүн берилген жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Калил кызы Элнуранын менчигиндеги Жаңы-Алай айылындагы 5-01-11-1001-0968-идентификациялык коду менен жайгашкан аянты 2000,00 чарчы метр болгон жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-берене 1,2-бөлүгүнө жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Калил кызы Элнуранын менчигиндеги Жаңы-Алай айылындагы 5-01-11-1001-0968-идентификациялык коду менен  жайгашкан аянты 2000,00 чарчы метр болгон турак жай куруу үчүн берилген жер участогунун максаттуу багыты, бала бакчага  деп өзгөртүлсүн.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын  Калил кызы Элнуранын наамына даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу  жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Алай филиалына сунуш кылынсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго, көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

2024-жылдын 1-августундагы Жаңы-Алай айылдык кеңешинин № 41/1 токтомунун   4 пунктун жокко чыгаруу  жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш



Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 7-сессиясынын
Т О К Т О М У
20-юинь 2025-жыл
№ 7/1
Жаңы-Алай айылы
2024-жылдын 1-августундагы Жаңы-Алай айылдык кеңешинин № 41/1 токтомунун 4 пунктун жокко чыгаруу жөнүндө

Алай районунун прокуратурасынын 2025-жылдын №11-315-2025 Каршылык билдирүүсүнүн негизинде, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 2024-жылдын 1-августундагы Жаңы-Алай айылдык кеңешинин № 41/1 токтомунун  4 - пункту жокко чыгарылсын.  .
  2. Мындан ары одоно кемчилдиктерди кетирбөө жагы айылдык кеңештин депуттарына жана жооптууга эскертилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрага:
Ч.Т.Таалайбеков