Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айылынын  ички арыктарына темир бетон (латок)  басуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 40-сессиясынын
Т О К Т О М У
24-юинь 2024-жыл
№ 40/1
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айылынын ички арыктарына темир бетон (латок) басуу жөнүндө

Жаңы-Алай айылынын ички арыктарына темир бетон ( латок) басуу үчүн сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай айылынын  ички арыктарына темир бетон (латок)  басуу үчүн сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, жалпы суммасы 1 818 600 сомго ички арыктарына темир бетон ( латок)  басууга макулдук берилсин.
  2. Жаңы-Алай айылынын  ички арыктарына темир бетон ( латок)  басуу үчүн 1 500 000 сом Алай райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
  3. Ал эми өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен керектелүүчү 318,600 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кеңешовго милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:
М. Макенов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай, Жаңы-Арык жана Торгой-Булак айылдарына электр мамычаларын орнотуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 40-сессиясынын
Т О К Т О М У
24-юинь 2024-жыл
№ 40/2
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай, Жаңы-Арык жана Торгой-Булак айылдарына электр мамычаларын орнотуу жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай, Жаңы-Арык жана Торгой-Булак айылдарына электр мамычаларын орнотуу үчүн сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай, Жаңы-Арык жана Торгой-Булак айылдарына электр мамычаларын орнотуу үчүн сунушталып жаткан долбоорду карап чыгып, жалпы суммасы 3 597,3 миң сомго макулдук берилсин.
  2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай, Жаңы-Арык жана Торгой-Булак айылдарына электр мамычаларын орнотуу үчүн 3 597,3 миң сом Ош облустук  өнүктүрүү фондунан суралсын.
  3. Ал эми өздүк салым үчүн жергиликтүү тургундардын салымына 680,000 сом акча каражаты белгиленсин.
  4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кеңешовго милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:
М. Макенов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай  жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун   негизинде  ата-энелерден түшө турган төлөмдөрдү  бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 41-сессиясынын
Т О К Т О М У
01-август 2024-жыл
№ 41/1
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата-энелерден түшө турган төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Жаны-Алай айылдык токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата-энелер төл өмү бир балага бир айга 1200 сомдон бекитилсин.
  2. Жаңы-Алай балдар бакчасынын жетекчиси А. Шаңыяевага, Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчиси Ж.Пазиловага ата-энелерден топтолгон  каражатты өз убагында атайын өздүк эсебине төгүү жана максаттуу жумшоо жагы милдеттендирилсин.
  3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

Төрага:
М. Макенов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салык эмес кирешелеринин кээ бир түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 41-сессиясынын
Т О К Т О М У
01-август 2024-жыл
№ 41/2

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүн , бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 29.07.2024-жылдагы №2 протоколунун негизинде 2024-жылдын III кварталынын планына киргизүү үчүн Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салык эмес кирешелеринин кээ бир түрүнүн планына 2024-жылга өзгөртүү киргизилсин.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

Баардыгы

көбөйтүү суммасы

III кварт

IV

кварт

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринин кошумча кызматы үчүн акы

14232400

600,0

330,0

270,0

                              Баардыгы:

600,0

330,0

270,0

2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн   2024-жылга төмөндөгү беренелерге чыгымдоо жагы каралсын.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

Баардыгы

III кварталга көбөйтүү суммасы

III кварт

IV кварт

709

Бала бакча

Тамак-аш азыктарын алуу

22181100

600,0

330,0

270,0

                                       Баардыгы:

600,0

330,0

270,0

3.Жогорудагы акча каражатын 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин сметасынын чыгаша бөлүгүнө планга тактоо киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай  финансы башкармалыгынан суралсын.

4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин .

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик    комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

Төрага:
М. Макенов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай  айыл   өкмөтүнүн 2024-жылдын III -кварталына  бекитилген   жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн  чыгымдалуучу акча   каражаттарынын  планына  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 41-сессиясынын
Т О К Т О М У
01-август 2024-жыл
№ 41/3
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III -кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыгымдалуучу акча каражаттарынын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 29.08.2024жылдагы № 2 протоколунун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык,                              Жаңы-Алай  айыл    өкмөтүнүн 2024- жылга бекитилген  жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн өздүк кирешенин эсебинен  бекитилген планына  , төмөндөгү үнөмдөлгөн  бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон, бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

III-квартал

көбөйтүү

азайтуу

704

Эконом маселелер

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

14,4

706

ЖКХ

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

259,3

ЖКХ

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу

3112

90,6

707

ФАП

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

100,0

708

Клуб

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

99,4

708

Культмероприятия

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

33,5

709

Балдар бакчасы

Таш көмүрдү сатып алуу

2224

11,7

709

Балдар бакчасы

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу

3112

13,0

709

Орто мектеп

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

40,0

709

Орто мектеп

Таш көмүрдү сатып алуу

2224

65,0

709

Орто мектеп

Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу

3111

4,7

710

Соцкоргоо

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

77,0

Баардыгы:

404,3

404,3

2.Жогорудагы акча каражатын 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин  бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай  финансы башкармалыгынан суралсын.

3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

Төрага:
М. Макенов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Кымыз-Булак ИСКАКБ боюнча ичкенге жарактуу сууга тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 41-сессиясынын
Т О К Т О М У
01-август 2024-жыл
№ 41/4
Жаңы-Алай айылы
Кымыз-Булак ИСКАКБ боюнча ичкенге жарактуу сууга тарифин бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы № 445 токтому менен бекитилген “Мамлекет башкарган чарбалык субьектилердин баасы ( тарифтерин ) аныктоо тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Бир жанга 1 суткага 60 литр суу норма коюлса 1 куб суунун баасы 25 сом бекитилсин. (Бир айда 1жан60л*30күн=18003*25сом=45сом )
  2. Ар бир кожолук же мекеме ишканалар суу эсептегичи менен суу берилсин.
  3. Суу эсептегич жабдык күтүүсүздөн бузулуп, иштебей калса, ар бир жанга бир айга 45 сом төлөнсүн. Эгерде абонент өз билемдик менен  эсептегичти токтотуп, бак-дарак суугарылса же максатсыз пайдаланса таблица Шевелеванын негизинде суу акы эсептелет.
  4. Сууга төлөнүүчү төлөм  ар бир айдын 20на чейин төлөнбөсө 2% туум ( пения) кошулат.
  5. Жаңыдан мүчө болуп, короосуна суу киргизген абонент 2000 сом өлчөмүндө “ Кымыз-Булак” ИСКАКБ эсебине которулсун.
  6. Бул токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу “ Кымыз-Булак” ИСКАКБ жетекчиси М.Мамытовго жүктөлсүн,  көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага:
М. Макенов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айылынын И.Умаров көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 41-сессиясынын
Т О К Т О М У
01-август 2024-жыл
№ 41/5
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айылынын И.Умаров көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун баяндамасын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Алай айылындагы И.Умаров көчөсүндөгү транспорт каражаттарынын жүрүшүнө кыйынчылыктарды жараткан узундугу 2 км 200 метр болгон автожолуна асфальт төшөө үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
  2. Тиешелүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.

Төрага:
М. Макенов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 токтомун аткаруу максатында Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Жайыт пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасын” түзүү  жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 41-сессиясынын
Т О К Т О М У
01-август 2024-жыл
№ 41/6
Жаңы-Алай айылы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 токтомун аткаруу максатында Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Жайыт пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасын” түзүү жөнүндө

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 41 отуруму, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын  29-декабрындагы №735 токтомуна ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Жайыттарды пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасы” болуп түзүлсүн.
  2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Жайыттарды пайдалануу укугун берүүчү муниципалдык ишканасы” тиешелүү жайыт жерлери аныкталсын.
  3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын, камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:
М. Макенов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бекитилген жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүгүнүн өзгөртүүлөрүн планга киргизүү жана  такталган планга  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 42-сессиясынын
Т О К Т О М У
09-сентябрь 2024-жыл
№ 42/1
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн өзгөртүүлөрүн планга киргизүү жана такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 06.09.2024-дылдагы №3 протоколунун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай  айыл    өкмөтүнүн 2024- жылдын III -кварталына бекитилген  сметасына республикалык бюджеттен каралуучу максаттуу трансфертке киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын.

Беренелердин аталышы

берене

Баардыгы

III -квартал

көбөйтүү

IV -квартал

көбөйтүү

1

Максаттуу трансферт

13321200

193.3

52,0

141.3

Бардыгы

193.3

52,0

141.3

Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн  2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн  сметасынын төмөндөгү беренелеринин такталган планына өзгөртүү киргизип берүү  жагы  каралсын.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

Баардыгы

III -квартал

көбөйтүү

IV -квартал

көбөйтүү

701

Аппарат

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

20,0

20,0

706

ЖКХ

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

32,0

32,0

708

Клуб

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

141,3

141,3

Бардыгы

193,3

52,0

141,3

2.Жогорудагы акча каражатын  бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай финансы  башкармалыгынан суралсын.

3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.

Төрага:
М. Макенов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай  айыл   өкмөтүнүн 2024-жылдын III-IV -кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн  чыгымдалуучу акча   каражаттарынын  планына  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 42 -сессиясынын
Т О К Т О М У
09-сентябрь 2024-жыл
№ 42/2
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III-IV -кварталына бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыгымдалуучу акча каражаттарынын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 06.09.2024жылдагы № 3 протоколунун негизинде Жаңы-Алай айылдык токтом кылат:

1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024- жылга бекитилген  жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн өздүк кирешенин эсебинен  бекитилген планына  , төмөндөгү үнөмдөлгөн  бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

IV-квартал

көбөйтүү

азайтуу

701

Аппарат

Байланыш кызматы

2212

58,4

701

Аппарат

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

180

701

Аппарат

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

2222

35,0

701

Аппарат

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу

3112

125,0

704

Экономикалык маселе

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

5,2

706

ЖКХ

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

96,6

706

ЖКХ

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу

3112

7,4

708

Клуб

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

145,6

708

Эс алуу,маданият жана дин маселелери

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

3,4

709

Балдар бакчасы

Тамак-аш азыктарын алуу

2215

58,5

709

Балдар бакчасы

Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

2221

11,7

709

Балдар бакчасы

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

2222

42,9

709

Балдар бакчасы

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу

3112

201,5

709

Орто мектеп

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

30,0

709

Орто мектеп

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу

3112

5,2

710

Соцкоргоо

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

22,6

Баардыгы

514,5

514,5

2.Жогорудагы акча каражатын 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин  бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай  финансы башкармалыгынан суралсын.

3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

Төрага:
М. Макенов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
Т О К Т О М У
29-ноябрь 2024-жыл
№ 1/1
Жаңы-Алай айылы
Айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Таалайбеков Чыңгыз Таалайбекович Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:

  1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
  2. Жаңы-Алай айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага:
К. Эркебаев

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жана бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын
Т О К Т О М У
29-ноябрь 2024-жыл
№ 2/1
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жана бекитүү жөнүндө

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө, айылдык кеңешинин депутаттарынын пикирин угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы түзүлсүн жана төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:

 1.Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясы:

  • Арапбаева Нуржамал – айылдык кеңештин депутаты;
  • Шаңыяева Айгүл – айылдык кенештин депутаты;
  • Осмонали уулу Ислам - айылдык кенештин депутаты;

2.Укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясы:

  •  Эркебаев Кубаныч - айылдык кенештин депутаты;
  •  Абиев Эрлан - айылдык кенештин депутаты;
  •  Анарбай кызы Рахат - айылдык кенештин депутаты;

3.Айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишмердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы:

  •  Сагынбаев Алмаз - айылдык кенештин депутаты;
  •  Мамытов Мамат - айылдык кенештин депутаты;
  •  Олжочиева Гулзат - айылдык кенештин депутаты;

2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин иш-планындагы айтылган маселелерди так өз мезгилинде аткаруу туруктуу комиссиялардын курамына милдеттендирилсин.

Төрага:
Ч. Т. Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 2-сессиясынын
Т О К Т О М У
29-ноябрь 2024-жыл
№ 2/2
Жаңы-Алай айылы
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “ Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ№281 Жарлыгын акткаруу максатында Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы  “ Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ№281 Жарлыгынын негизинде, Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө 2024-жылдын 4-декабрында Жаңы-Алай айылындагы маданият үйүндө саат 10:00дө Элдик Курултайдын делегеттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүлсүн.
  2. Жаңы-Алай айыл аймагында Кезектеги III Элдик Курултайдын делегеттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтор түзүлсүн. ( №1 тиркеме тиркелет )
  3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы  “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ№215 Жарлыгы боюнча айыл тургундарына кабарлоо жана ушул айыл аймакта туулуп өскөн, айыл аймактын өнүгүүсүнө кызыктар болгон активдүү жарандарга жекече маалымдоону жеткирүү жагы жумушчу топтун курамына милдеттендирилсин.
  4. Өкүлчүлүктүү жыйындын Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протоколдорду жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине 2024-жылдын 7-декабрга чейин тапшыруу жумушчу комиссияга жүктөлсүн.
  5. Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарга чакыруу жана өткөрүү боюнча ар тараптан көмөк көрсөтүү Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.А.Кеңешовго, иш кагаздарын алып баруу жагы башчынын орун басары-жооптуу катчы Э.Дурсуматовага милдеттендирилсин.
  6. Бул токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу жана көзөмөлдөөнү өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага:
Т. Ч. Таалайбеков

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин

2024-жылдын 29-ноябрындагы

№ 2/2 токтомуна № 1 тиркеме

Жаңы-Алай айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:

1.Таалайбеков Чыңгыз - айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу тобунун төрагасы;

2. Э.Дурсуматова – катчы;

                                                             Мүчөлөрү

  1. Арапбаева Нуржамал
  2. Анарбай кызы Рахат
  3. Зарипбек уулу Бегзат
  4.  Мамытов Мамат
  5.  Олжочиева Гулзат
  6.  Осмонали уулу Ислам
  7.  Сагынбаев Алмаз
  8.  Шаңыяева Айгүл
  9.  Эркебаев Кубаныч

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы                                             Э. Дурсуматова

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда аткарылган иштери жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
Т О К Т О М У
13-январь 2025-жыл
№ 3/1
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда аткарылган иштери жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда аткарылган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда аткарылган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун маалыматы жактырылсын.
  2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылда бекитилген иш-пландын аткарылышын өз мөөнөтүндө камсыз кылуу  Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы бюджет жана социалдык экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага:
М. Макенов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттин  2023-2024жылга аткарылышы,2025-жылга  жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2026-2027-жылдарга болжолдуу долбоорун  бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
Т О К Т О М У
13-январь 2025-жыл
№ 3/2

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаны-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  2023-жылга  жергиликтүү  бюджеттин киреше бөлүгү 13590,2 миң сомго,  анын  ичинен өздүк киреше 4805,8 миң сом(анын ичинен  атайын  каражаттар  798,4 миң сом),  теңдештирүүчү трансферт 6323,0 миң сом республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 985,0 миң сом,өткөн жылдан калган калдык 1476,3 миң сом  жана чыгаша бөлүгү  12377,2 миң сомго  аткарылгандыгы белгиленсин. 
  2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  2024-жылга  жергиликтүү  бюджеттин киреше бөлүгү 13860,3 миң сомго,  анын  ичинен өздүк киреше 5560,6 миң сом(анын ичинен  атайын  каражаттар  1181,5 миң сом),  теңдештирүүчү трансферт 6280,8 миң сом, республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 805,9 миң сом,өткөн жылдан калган калдык 1213,0 миң сом  жана чыгаша бөлүгү  12841,3 миң сомго  аткарылгандыгы белгиленсин. 
  3. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн  2025-жылга  жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 11975,9  миң сомго,  анын ичинен  теңдештирүүчү трансферт 6843,4миң сомго,  өздүк киреше  -5132,5 миң сомго (анын ичинен  атайын  каражаттар  798,4 миң сом)   бекитилсин. 
  4. 2026-жылга  жергиликтүү бюджеттин киреше  жана чыгаша  бөлүгүнүн   долбоорунун планы  12362,6 миң сомго, анын ичинен:  теңдештирүүчү трансферт 6843,4миң сом,  өздүк киреше   5519,2 миң сом (анын ичинен  атайын  каражаттар – 798,4 миң сом),  2027-жылга жергиликтүү  бюджеттин  киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 12850,6 миң сомго анын ичинен: теңдештирүүчү трансферт 6843,4 миң сом,  өздүк киреше  6007,2 миң сом (анын ичинен  атайын  каражаттар 798,4 миң сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.
  5. Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте  каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу,  отчет-учет иштерин убагында  айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына  милдеттендирилсин.     
  6. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысына тапшырылсын.
  7. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы   Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.
Төрага:
Ч. Т. Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1019,0 миң сом калган калдык акча каражатын кредитордук карыздарга жана 2025 – жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө иштетүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
Т О К Т О М У
13-январь 2025-жыл
№ 3/3
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1019,0 миң сом калган калдык акча каражатын кредитордук карыздарга жана 2025 – жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө иштетүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1019,0миң сом калган калдык акча каражатын кредитордук карыздарга жана 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө иштетүү боюнча Жаны-Алай айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жаңы-Алай  айыл  өкмөтүнүн  2025-жылдын 1-январына карата  2024-жылдан пайдаланылбай калган 1019,0 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-137,1миң сом) калдык  акча каражатын 2025-жылдын  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

2. 2025-жылдын башына калган жергиликтүү бюджеттен 881,9 миң сом, атайын каражаттан калган 137,1 миң сом жалпы 1019,0 миң сом калдык бөлүмдөрдүн чыгаша беренелеринин планына тактоо киргизилип чыгымдалсын:

Бөлүм

Беренелердин аталышы

берене

Сумма

Аппарат       

Эмгек акы төлөө фондуна

2111

658,1

Аппарат

Социалдык фондко төгүмдөр

2121

98,6

Аппарат

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

12,1

Клуб

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

113,1

Балдар бакчасы

Тамак-аш азыктарын  алуу

2218

137,1

Баардыгы:

1019,0

3.Жергиликтүү бюджеттин 2025-жылдын 1-кварталы менен 1019,0 миң сомду бөлүмдөрдүн статьяларынын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын  финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана  социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго, КЭБ башчысы А. Пармановго милдеттендирилсин.

Төрага:
М. Макенов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12-июль 2024жылдагы №381 токтомуна ылайык    келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдиктерди  киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
Т О К Т О М У
13-январь 2025-жыл
№ 3/4
Жаңы-Алай айылы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12-июль 2024жылдагы №381 токтомуна ылайык келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12-июль 2024жылдагы №381 токтомуна ылайык келишимдин негизде жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндө Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын12-июлундагы  №381 токтомуна ылайык    келишимдин   негизде жергиликтүү   бюджеттин     эсебинен     штаттык бирдиктер киргизилсин.
  2. 2025-жылдын  жергиликтүү  бюджетинин  сметасына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын  финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12-июль 2024жылдагы №381 токтомунун 2-тиркемесине ылайык  айлык акысы төлөнүп берилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго, КЭБ башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин. 
Төрага:
Ч. Т. Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай  жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
Т О К Т О М У
13-январь 2025-жыл
№ 3/5
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган төлөмдү бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата-энелер төлөмү бир балага бир айга 1200 сомдон бекитилсин.
  2. .Жаңы-Алай балдар бакчасынын жетекчиси А. Шаңыяевага, Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчиси Ж.Пазиловага ата-энелерден топтолгон  каражатты өз убагында атайын өздүк эсебине төгүү жана максаттуу жумшоо жагы милдеттендирилсин.
  3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

Төрага:
Ч. Т. Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы «2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” №122 токтомунун

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
Т О К Т О М У
13-январь 2025-жыл
№ 3/6
Жаңы-Алай айылы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы «2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” №122 токтомунун

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын угуп, 2025-жылга өнүгүү планын жана 2026-2028-жылдарга болжолдуу программасын бекитүүнү карап,талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
  2. 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы жана 2026-2028-жылдарга болжолдуу программасы бекитилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн статист-экономистине  (Ч.Бекишова) тапшырылсын.

Төрага:
Ч. Т. Таалайбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Жаңы-Алай
айылдык кеңеши

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн салык мезгилдерине пайдалануу үчүн турак жай имарараттары жана жайлары үчүн 2025-2027-жылдарга салык ставкаларын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Жаңы-Алайский
айылный кенеш

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын
Т О К Т О М У
19-февраль 2025-жыл
№ 4/1
Жаңы-Алай айылы
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн салык мезгилдерине пайдалануу үчүн турак жай имарараттары жана жайлары үчүн 2025-2027-жылдарга салык ставкаларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 4-пунктуна жана Салык Кодексинин 379-380-беренелерине ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Курманжан Датка айыл  өкмөтүнүн аймагында 2025-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
  2. Мүлк салыгын эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде 8,5 чен (ставка) менен жүргүзүлсүн. 
  3. Курманжан Датка айыл аймагында турак жай имарараттары жана жайларынын жер салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналдык коэффициенти 1 жана мүлк салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналдык коэффициенти 1,0 болуп бекитилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага:
Ч. Т. Таалайбеков