КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү  XXX сессиясынын

ТОКТОМУ

06-июль  2023-жыл.                                   №30/7                           Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттин  киреше жана чыгаша  бөлүктөрүнө 2024-жылга долбоору жана    2025-2026-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашасы боюнча 2024-жылга долбоору жана 2025-2026-жылдарга карата болжолдуу планын бекитүү боюнча  айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Н Арапбаеванын 2023-жылдын                        27-июнундагы билдирүүсүн жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин докладын угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Жаңы-Алай  айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша  бөлүгүнүн  2024-жылга  долбоору 13560,6 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде теңдөөчу грант 9196,1 миң сом, өздүк кирешелер 3919,5 миң сом, атайын каражат 445,0миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша  бөлүгүнүн  2025-жылга  болжолдуу долбоору  12916,8 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде теңдөөчу грант  8204,0 миң сом, өздүк кирешелер 4267,8 миң сом, атайын каражат 445,0миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

3. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша  бөлүгүнүн  2026-жылга  болжолдуу долбоору  14066,7 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде теңдөөчу грант  9353,9 миң сом, өздук кирешелер 4267,8 миң сом, атайын каражат 445,0миң сомду түзгөн бюджеттин долбоору бекитилсин.

4. Корголгон беренелердин (эмгек акы ,социалдык фондго чегерүүлөр,тамак-аш  азыктарын сатып алуу,көмүр,отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана КЭБ башчысы А Пармановго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                М.Макенов

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  XXXI сессиясынын

ТОКТОМУ

     08-август  2023-жыл                №31/1                           Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай   айыл    өкмөтүнүн киреше жана  чыгаша бөлүгүн , бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун  07.08.2023-жылдагы № 3  протоколунун негизинде  2023-жылдын     III кварталына                            планга  киргизүү жөнүндө.

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз  XXXI сессиясы токтом кылат:

I.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салык эмес кирешелердин кээ бир түрүнүн планына 2023-жылга өзгөртүү киргизилсин.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

Бардыгы

III-кварталга көбөйтүү суммасы

 

 

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринин кошумча кызматы үчүн акы

 

14232400

 

330,0

 

330,0

 

 

Бардыгы:

 

   330,0

      330,0

 

II.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2023жылга төмөндөгү беренелерге чыгымдоо жагы каралсын.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

Бардыгы

III-кварталга көбөйтүү суммасы

709

Бала бакча

Тамак-аш азыктарын алуу

22181100

330,0

330,0

 

 

 

 

 

 

Бардыгы:

330,0

330,0

 

III. Жогорудагы акча каражатын 2023-жылга жегиликтүү бюджеттин сметасынын    чыгаша бөлүгүнө планга тактоо киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай  финансы башкармалыгынан суралсын.

 

IV. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин .

 

V. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

 Төрага                                                                                                                      М.Макенов

 

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  XXXI сессиясынын

ТОКТОМУ

Жаңы-Алай айылы                                        №  31/2                         28-август 2023-жыл

Жаңы-Алай  айыл   өкмөтүнүн 2023-жылдын   бекитилген   жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүгүнун өзгөртүүлөрүн планга киргизүү жана  такталган планга  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун  25.08.2023жылдагы № 4  протоколунун негизинде Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  XXXI сессиясы токтом кылат:

            1. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай  айыл    өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2023-жылга салыктын тушуп кетуусунө карата республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн максаттуу трансфертти  жана сметадагы салыктык кирешеердин кээ бир түрүнө кошумча берилген  планына өзгөртүү  киргизүү жагы  каралсын.

КН

Беренелердин аталышы

берене

Бардыгы

III -квартал

көбөйтүү

1

 

Максаттуу трансферт

13321200

193,3

193,3

2

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

11111100

400,0

400,0

 

Бардыгы

 

593,3

593,3

 

Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн  2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн  сметасынын төмөндөгү беренелеринин такталган планына өзгөртүү киргизип берүү  жагы  каралсын.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

Бардыгы

III -квартал

көбөйтүү

701

Аппарат

Кызматтык сапар чыгымдарына

2211

73,3

73,3

706

ЖКХ

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

115,0

115,0

706

ЖКХ

Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу

3111

120,0

120,0

706

ЖКХ

Башка механизимдерди жана жабдууларды сатып алуу

3112

150,0

150,0

709

Балдар бакчасы

Башка механизимдерди жана жабдууларды сатып алуу

3112

100,0

100,0

709

Орто мектеп

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

35,0

35,0

 

 

Бардыгы

 

593,3

593,3

 

2. Жогорудагы акча каражатын  бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай финансы  башкармалыгынан суралсын.

 

3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу  комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                           М.Макенов

 

 

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  XXXI сессиясынын

ТОКТОМУ

28-август 2023-жыл                                       №31/3                             Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай  айыл   өкмөтүнүн 2023-жылдын III кварталына  бекитилген   жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн  чыгымдалуучу акча   каражаттарынын  планына  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун  25.08.2023жылдагы № 4  протоколунун негизинде Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  XXXI  сессиясы токтом кылат:

               1. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай  айыл    өкмөтүнүн 2023- жылга бекитилген  жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн өздүк кирешенин эсебинен  бекитилген планына, төмөндөгү үнөмдөлгөн  бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

III-квартал

көбөйтүү

азайтуу

706

ЖКХ

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

131,9

 

708

Клуб

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу

3112

 

49,4

708

Эс алуу маданият маселелери

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

 

42,0

709

Балдар бакчасы

Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

2221

 

40,5

Бардыгы:

131,9

131,9

 

            2. Жогорудагы акча каражатын 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин  бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай  финансы башкармалыгынан суралсын.

 

            3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

 

            4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                                                М.Макенов 

 

 

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги                                   30-сессиясынын

Т О К Т О М У

14-сентябрь  2023-жыл                            № 32/1                   Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айыл статусу жок Мады участкасына  айыл статусун берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүмүнө жана 12-беренесине ылайык,  Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айыл статусу жок Мады участкасына  айыл статусун берүү жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүмүнө жана 12-беренесине ылайык,  Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айыл статусу жок Мады участкасына  айыл статусун берүү жөнүндө сунушу жактырылсын.

 

  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу  Мады участкасына  айыл статусун берүү, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл   өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге, көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана  агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                       М.Макенов

 

 

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги                                   32-сессиясынын

Т О К Т О М У

14-сентябрь  2023-жыл                          №   32/2                     Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Үсенова Молдайым Темишовнанын менчигиндеги соода-сатык, элге кызмат көрсөтүү (дүкөн, чачтарачкана,    бут-кийим оңдоочу жай, буфет) куруу үчүн деген жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Үсенова Молдайым Темишовнанын менчигиндеги 2005-жылдын 5-ноябрындагы №5 токтому, аянты 681,00 чарчы метр болгон соода-сатык, элге кызмат көрсөтүү (дүкөн, чачтарачкана, бут-кийим оңдоочу жай, буфет) куруу үчүн деген жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү боюнча  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-берене 1,2-бөлүгүнө жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Үсенова Молдайым Темишовнанын менчигиндеги 2005-жылдын 5-ноябрындагы №5 токтому, аянты 681,00 чарчы метр болгон соода-сатык, элге кызмат көрсөтүү          (дүкөн, чачтарачкана, бут-кийим оңдоочу жай, буфет) куруу үчүн деген жер участогунун максаттуу багыты, өндүрүшкө жана башка курулуштарга деп өзгөртүлсүн.

2.Тиешелүү иш кагаздарын Үсенова Молдайым Темишовнанын наамына даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айылынын башчысы Н.Тажибаевге, көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                                   М.Макенов

 

 

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги                                   32-сессиясынын

Т О К Т О М У

14-сентябрь  2023-жыл                          №   32/3                     Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Жупуев Аманжол Абдыбековичтин менчигиндеги турак жай куруу үчүн берилген жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Жупуев Аманжол Абдыбековичтин менчигиндеги 2009-жылдын 17-августундагы №8/4 токтому, аянты 522,00 чарчы метр болгон турак жай куруу үчүн берилген жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү боюнча  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-берене 1,2-бөлүгүнө жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Жупуев Аманжол Абдыбековичтин менчигиндеги 2009-жылдын 17-августундагы №8/4 токтому, аянты 522,00 чарчы метр болгон турак жай куруу үчүн берилген жер участогунун  максаттуу багыты, өндүрүшкө жана башка курулуштарга деп өзгөртүлсүн.

2. Тиешелүү иш кагаздарын Жупуев Аманжол Абдыбековичтин наамына даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айылынын башчысы Н.Тажибаевге, көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                                   М.Макенов

 

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги                                   32-сессиясынын

Т О К Т О М У

14-сентябрь  2023-жыл                          №   32/4                                           Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Акбашов Омурзакдын менчигиндеги кошара үчүн берилген жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Акбашов Омурзакдын менчигиндеги            2006-жылдын 14-мартындагы №28 токтому, аянты 6527,00 чарчы метр болгон кошара куруу үчүн берилген жер участогунун, 2000,00 чарчы метр болгон жер аянтынын максаттуу багытын өзгөртүү  боюнча  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-берене                1,2-бөлүгүнө жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Акбашов Омурзакдын менчигиндеги      2006-жылдын 14-мартындагы №28 токтому менен аянты 6527,00 чарчы метр болгон кошара куруу үчүн берилген жер участогунун         5-01-11-1001-0920 ЕНИ коду менен катталган аянты 2000,00 чарчы метр болгон жер аянтынын максаттуу багыты, “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ооруканасын курууга жана башка курулуштарга”, ал эми  5-01-11-1001-0919 ЕНИ коду менен катталган аянты 900,00 чарчы метринин максаттуу багыты “Турак жай жана башка курулуштарга”деп өзгөртүлсүн.

2. Тиешелүү иш кагаздарын Акбашов Омурзакдын наамына даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айылынын башчысы Н.Тажибаевге, көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                   М.Макенов

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги                                   32-сессиясынын

Т О К Т О М У

14-сентябрь  2023-жыл                          №   32/5                     Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы муниципалдык менчигиндеги силостук яманын максаттуу багытын чарбалык курулуштарга жана башка курулуштарга деп өзгөртүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы муниципалдык менчигиндеги 2003-жылдын 29-декабрындагы №248 токтому, аянты 912,00 чарчы метр болгон силостук яманын максаттуу багытын өзгөртүү боюнча  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-берене 1,2-бөлүгүнө жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап, Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 29-декабрындагы №248 токтому, аянты 912,00 чарчы метр болгон силостук яманын максаттуу багыты чарбалык курулуштарга жана башка курулуштарга деп өзгөртүлсүн.

2. Тиешелүү иш кагаздарын Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн наамына даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айылынын башчысы Н.Тажибаевге, көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                                                                   М.Макенов

 

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги                                   32- сессиясынын

Т О К Т О М У

14-сентябрь  2023-жыл                          №   32/6                      Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы муниципалдык менчигиндеги силостук яманын максаттуу багытын чарбалык курулуштарга жана башка курулуштарга деп өзгөртүү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы муниципалдык менчигиндеги 2004-жылдын 28-февралындагы №795 токтому, аянты 900,00 чарчы метр болгон силостук яманын максаттуу багытын өзгөртүү боюнча  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-берене 1,2-бөлүгүнө, айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап,  Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-февралындагы №795 токтому, аянты 900,00 чарчы метр болгон силостук яманын максаттуу багыты чарбалык курулуштарга жана башка курулуштарга деп өзгөртүлсүн.

2. Тиешелүү иш кагаздарын Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн наамына даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айылынын башчысы Н.Тажибаевге, көзөмөлдөө айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                   М.Макенов

 

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү  XXXII сессиясынын

ТОКТОМУ

14-сентябрь 2023-жыл                                       №32/7                             Жаңы-Алай айылы                                        

Жаңы-Алай  айыл   өкмөтүнүн 2023-жылдын III кварталына  бекитилген   жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн  чыгымдалуучу акча   каражаттарынын  планына  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун  14.09.2023жылдагы № 5  протоколунун негизинде Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү  XXXII  сессиясы токтом кылат:

1. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай  айыл    өкмөтүнүн 2023- жылга бекитилген  жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн өздүк кирешенин эсебинен  бекитилген планына, төмөндөгү үнөмдөлгөн  бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын.

 

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

III квартал

көбөйтүү

азайтуу

701

Аппарат

Дагы башка транспорт кызматын көрсөтүү

2214

 

39,5

701

Аппарат

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

80,7

 

704

Эконом маселелер

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

 

8,4

706

ЖКХ

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

4,9

 

706

ЖКХ

Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу

3111

 

39,0

708

Библиотека

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу

2222

 

0,8

708

Библиотека

Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу

3112

 

0,4

708

Культмероприятие

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

 

45,0

709

Балдар бакчасы

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

10,0

 

709

Балдар бакчасы

Башка курулуштарды сатып алуу жана куруу

3111

 

1,5

709

Орто мектеп

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

45,0

 

709

Орто мектеп

Таш көмүрдү сатып алуу

2224

 

6,0

Бардыгы:

140,6

140,6

 

2. Жогорудагы акча каражатын 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин  бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай  финансы башкармалыгынан суралсын.

 

3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы  Н.Арапбаевага  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                             М.Макенов

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү  XXXII сессиясынын

ТОКТОМУ

14-сентябрь 2023-жыл                      №32/8                            Жаңы-Алай айылы                                       

 

№23 “Жаңы-Алай” МЧББУ мекемесинин директору А.С.Шаңыяеванын кайрылуусун кароо жөнүндө

 

         №23 “Жаңы-Алай” МЧББУ мекемесинин директору А.С.Шаңыяеванын 2023-жылдын 7-сентябрындагы №9 жана 2023-жылдын 7-сентябрындагы №10 сандуу кайрылуусун карап чыгып Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1.     №23 “Жаңы-Алай” МЧББУ мекемесине 2023-2024-жылына кошумча тайпа ачуу үчүн суралган акча каражатын 9 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн суммадан каралсын.

2.     №23 “Жаңы-Алай” МЧББУ мекемесине кошумча 2 тайпа (50 орун) ачылып берилсин.

3.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу №23  “Жаңы-Алай” МЧББУ мекемесинин директору А.С.Шаңыяевага, көзөмөлдөө укук тартиби, этика мыйзамдуулук жана социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                     М.Макенов

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезексиз                                  33-сессиясынын

Т О К Т О М У

27-сентябрь  2023-жыл                      №   33/1                      Жаңы-Алай айылы

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун  Жаңы-Алай айыл аймагында административдик-аймактык

реформаны жүргүзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын                                         18-октябрындагы ПЖ №350 «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү  боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын жетекчиликке алып, Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай  айылдык кеңеши  токтом кылат:

  1. Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жактырылсын.
  2. Жаңы-Алай, Гүлчө, Будалык айыл аймактарын бириктирип, Гүлчө айылын административдик борбор деп аныктоо менен Гүлчө айыл аймагы деп аталсын.
  3. Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай жана Гүлчө  айыл аймактарында  административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча уюштуруу чаралары көрүлсүн.
  4. Бул токтом расмий түрдө  jany-alai.el.kg сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык – экономикалык өнүгүү боюнча, укук тартиби, этика, мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер, айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана  агрардык саясат, инвестиция тартуу, ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

              

Төрага                                                                                        М.Макенов

 

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезексиз                                  33-сессиясынын

Т О К Т О М У

27-сентябрь  2023-жыл                             №   33/2                      Жаңы-Алай айылы

Элдик Курултайдын  делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктү  жыйындарды өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын     29-августундагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ №215 Жарлыгын  аткаруу максатында Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ№215  Жарлыгынын  негизинде, Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 18-ноябрында Жаңы-Алай айылындагы маданият үйүндө саат 10:00дө Элдик курултайдын  делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктү  жыйын өткөрүлсүн.

          2. Жаңы-Алай  айыл аймагында Элдик Курултайдын  делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктү  жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтор түзүлсүн. (№1 тиркеме тиркелет)

3. Жаңы-Алай айыл аймагында өкүлчүлүктү делегеттарды шайлоо боюнча, өткөрүлө турган жыйындардын графиги жана жооптуулардын тизмеси  бекитилсин.(№2 тиркеме тиркелет)

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” ПЖ№215  Жарлыгы  боюнча айыл тургундарына кабарлоо жана ушул айыл аймакта туулуп өскөн, айыл аймактын өнүгүүсүнө кызыкдар болгон активдүү жарандарга жекече маалымдоону жеткирүү жагы жумушчу топтун курамына милдеттендирилсин.

5. Өкүлчүлүктү жыйындын Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протокодорду жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине 2023-жылдын 24-ноябрына чейин тапшыруу жумушчу комиссияга жүктөлсүн.

6. Элдик Курултайдын  делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктү  жыйындарга чакыруу жана өткөрүү боюнча ар тараптан көмөк көрсөтүү Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге, иш кагаздарын алып баруу жооптуу катчы А.Батыралиевага милдеттендирилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага                                                                                        М.Макенов

 

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин

                                                                            2023-жылдын 27-сентябрындагы

                                                                            №33/2 токтомуна №1 тиркеме

                                                                      

Жаңы-Алай  айыл аймагында Элдик Курултайдын  делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктү  жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун  курамы:

 

1.   М.Макенов айылдык кеңештин төрагасы- Жумушчу тобунун төрагасы;

       2. А.Батыралиева - катчысы;

Мүчөлөрү:

  1. Зарипбек уулу Бекзат;
  2. Калыев Тоготой айылдык кенештин депутаты;
  3. Пазылова Жаркынай айылдык кеңештин депутаты;
  4. Жупуев Аманжол айылдык кеңештин депутаты;
  5. Таалайбек уулу Чыңгыз айылдык кеңештин депутаты;
  6. Арапбаева Нуржамал айылдык кеңештин депутаты;
  7. Исмаилова Гүлзада айылдык кеңештин депутаты;
  8. Исаков Эдил айылдык кеңештин депутаты;
  9. Шаңыяева Айгүл айылдык кеңештин депутаты;
  10.  Мамытов Мамат айылдык кеңештин депутаты;

 

 

 

 

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы                                                          А.Батыралиева

 

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин

                                                                                                                                                                      2022-жылдын 37-сентябрындагы

                                                                                                                                                                     №20/1 токтомуна №2 тиркеме

 

Жаңы-Алай  айыл аймагында Элдик Курултайдын  делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү  жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жалпы санын, айылдар боюнча элдин санына карата  делегаттарды  көрсөтүү нормасы, делегаттарды шайлоо боюнча жер-жерлерде элдик жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүнүн графиги, ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмеси:

Айылдардын аталышы

Туруктуу айыл калкынын саны

Айыл калкы % менен

 

Өкүлчүлүктү  жыйындарга

Өкүлчүлүктү  жыйындарга шайлануучу делегаттардын саны

Анын ичинен

Шайлоо өткөрүлүүчү жайы

Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы

Шайлоо өткөрүүгө жооптуу депутаттардын аты-жөнү

Шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүүчү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери

Эркектер

(70%)

Аялдар

(30%)

1

Жаңы-Алай

3082

64,7%

19

13

6

Жаңы-Алай маданият үйү

18.10.2023. 11:00

М.Макенов, М.Мамытов,

К.Тоготой, Г.Исмаилова

А.Жупуев

Б.Эшиев

Б.Атырова

Ж.Раманкулова

2

Жаңы-Арык

1683

35,3%

14

10

4

И.Умаров мектеби

19.10.2023. 11:00

Ж.Пазылова,

Э.Исаков,

Зарипбек уулу Бекзат

 

А.Төлөнов

3

Беш-Кашар конушу

 

 

7

5

2

С.Ашимов орто мектеби

20.10.2023. 11:00

Таалайбек уулу Чыңгыз,

Н.Арапбаева,

А.Шаңыяева

А.Апишов, Э.Дурсуматова

4

Жалпы:

4765

100%

40

28

12

 

 

 

 

                        

 Айылдык кеңештин жооптуу катчысы                                                                                                                    А.Батыралиева

 

 

 

 


 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги                                   34- сессиясынын

Т О К Т О М У

31-октябрь  2023-жыл                          №34/1                Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын тогуз айында аткарылган иштери жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдаын тогуз  айында аткарылган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын тогуз айында аткарылган иштери жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин маалыматы жактырылсын.
  2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген иш-пландын аткарылышын өз мөөнөтүндө камсыз кылуу  Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төраганын орун басары                                                       Зарипбек уулу Бекзат

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги                                                                             34- сессиясынын                                         

Т О К Т О М У

31-октябрь  2023-жыл                          №34/2                Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Арык айылындагы таза суунун төлөмүн бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы №445 токтому менен бекитилген “Мамлекет башкарган чарбалык субьектилердин баасын (тарифтерин) аныктоо тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Арык айылындагы таза суунун төлөмү 2023-жылдын                    1-ноябрынан 1куб суунун төлөмү 35 сом өлчөмүндө  тарифи  бекитилсин.

 

  1. Ушул токтом суу пайдалануучуларга  жеткирүү Жаңы-Арык таза суу мурабы А.Хусановго жүктөлсүн.

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу         монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин бөлүмү менен баасы       макулдашылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  бюджет  жана социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төраганын орун басары                                                       Зарипбек уулу Бекзат

 

 

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

 

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги                                                                             34- сессиясынын                                         

Т О К Т О М У

31-октябрь  2023-жыл                          №34/3               Жаңы-Алай айылы

Жаңы-Алай айыл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылында жайгашкан айылдык маданият үйүн капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөзүү жөнүндө

         Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-октябрындагы Жаңы-Алай айылында өтүлгөн №8 элдик жыйындын протоколунун негизинде Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жаңы-Алай айыл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылында жайгашкан айылдык маданият үйүн капиталдык оңдоп түзөө иштерине өздүк салым катары  216632 сом акча каражаты, 2024-жылдын жергиликтүү бюджетине сунушталсын жана бөлүнүп берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо бюджет жана социалдык экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары                                                       Зарипбек уулу Бекзат

 

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 ОШ ОБЛУСУ

АЛАЙ РАЙОНУ

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ

АЛАЙСКИЙ РАЙОН

ЖАНЫ-АЛАЙСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ