Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 6 чакырылышыш кезексиз 21 отурумунун  

 

ТОКТОМУ

 

        03-декабрь 2018-жыл                       № 21/1                                 Жаңы-Алай  айылы

 

 

                                                                                      Кыргыз Республикасынын “Бузуулар

                                                                                      жөнүндө” кодексине ылайык

                                                                                      Жаңы-  Алай  айыл  өкмөтүндө бузуулар

                                                                                      жөнүндө иштерди  кароо  боюнча

                                                                                      комиссиялары тууралуу жобону бекитүү

                                                                                      жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди  кароо  боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү    жөнүндө  жооптуу  катчы  А.Мамаеванын маалыматын  угуп  жана талкуулап

Жаңы-Алай айылдык  Кеңешинин 6 чакырылышынын   21-  кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1.  Жаңы-Алай  айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди  кароо  боюнча комиссиялары  тууралуу  жобо  бекитилсин   (Тиркеме№1).

                                                                                          

  1. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айылдык  кенештин    уюштуруу-укуктук  маселелер, мыйзамдуулук боюнча  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

 

            

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                       Ө.Акбашов

 

 

 

 

Алай  районундагы Жаңы-  Алай айылдык  кеңешинин  2018-жылдын 03-декабрындагы        № 21/2 токтому  менен  бекитилген

                                                                    

 

 

Жаңы- Алай   айыл  өкмөтүндөгү бузуулар  жөнүндө  иштерди  

кароо  боюнча комиссиясы  жөнүндө

 

ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор

        1. Ушул  жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс)  каралган  Жаңы-Алай   айыл  өкмөтүндөгү  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.

2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.

3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө  кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө  иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.

6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын,15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.

7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактам камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

 

             2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби

 

8. Комиссия так санда, 5-9 адамдан, комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.

 

10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:

 

 

- жергиликтүү кенештин депутаттары;

- муниципалдык кызматчылар;

- шаардын, айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

- айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн  муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.

11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон. атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын  мүчөсү боло алат.

12. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:

- соттун  чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп  табылган;

- соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар;

- акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык ищи) токтотулган, мурда

 жазык жоопкерчилигине тартылган;

- медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын  аткарууга  тоскоолдук кылган адамдар комиссиянын мүчөсү боло албайт.

13. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш Комисеияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.

14. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:

- жарандык коомдун жана жергиликтуу жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз  ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;

• Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;

- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;

- күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;

- медициналык корутундуга ылайык комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;

- Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;

- Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;

- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;

- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

- жергиликтүү кенештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;

- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда

токтотулат.

15. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым  укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 калекдарлык күндөн кеч эмес бекитилет.

16. Комиссиянын ыйгарым укуктары комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.

17. Комиссиянын жаңы курамы комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.

                                

 

 

3. Комиссиянын ишинин тартиби

 

18. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.

 

19. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт.  Комиссиянын отурумдарынын мезгилдуүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.

 

20. Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, комиссиянын отуруму укуктуу болот.

Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.

 

21. Бузуулар жөнүндө ишти комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.

 

22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт:

 

23. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.

 

24. Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:

 

а) төмөндөгү  токтомдордун бирин чыгарат:

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);

3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы аныкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча  өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

 

25. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

 

4. Комиссиянын мүчөлорүнүн укуктары жана милдеттери

 

26. Комиссиянын ишмердүүлүгүн комиссиянын төрагасы уюштурат.

 

27. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.

 

28. Комиссиянын мүчөлөрү:

 

Төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;

- бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүге катышууга:

- Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;

- жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;

- Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.

Төмөндөгүлөргө укуктуу;

-  бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;

- бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;

- Кодексте каралган башка укуктарга.

 

29. Комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары. төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;

 

- Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;

 

- Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;

 

- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго). ошондой эле комиссиянын башка документтерине кол коюу;

 

- Комиссиянын ишмердүүлүгүнө  көзөмөл жүргүзүү.

 

Комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары. төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- өз компетенциясынын чегинде комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;

- Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;

 

- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.

 

30. Комиссиянын төрагасынын орун басары комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:

 

- бузуулар жөнүндө иштерди комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;

 

- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

 

- Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;

 

- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.

 

 

31. Комиссиянын катчысы, комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерии аткаруудан сырткары:

 

- бузуулар жөнүндө иштерди комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;

 

- өз ишмердүүлүгүн комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;

 

- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

 

- келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү  жана арыздарды, ошондой эле бузуу, жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;

 

- бузуулар жөнүндө протоколдорду, комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин  жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;

 

- Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат:

- Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол   коет;

 

- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;

 

- аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү  камсыз кылат;

 

- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;

 

Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

- Комиссиянын иш кагаздарынын жүгүзүлүшүн  жана сакталышын камсыз кылат;

 

- бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт. Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;

- отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;

 

- Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.

 

Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.

 

32. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:

 

- бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин. адистин, котормочунун туугандары болушса;

 

- иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса,

 

алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.

 

 

  1. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү

 

33. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы учун жоопкерчилик тартат.

 

34. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти комиссиянын катчысы тартат.

 

35. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.

 

36. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек (№ 3-тиркеме).

 

Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, комиссиянын жооптуу катчысы ошол замах тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү

 

Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.,

37. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан  адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелуучу жана эки

нускада түзүлүучү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.

 

38. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:

 

- бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;

 

- отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;

- белгиленген тартипте кол коюлган  комиссиянын отурумунун протоколу;

 

- ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.

Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп  тургандай  болуп  керектелет.

 

39. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.

 

40. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.

 

41. Комиссия ай сайын комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түщүшүн казначылыктын райондук  бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.

 

42. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:

 

- бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;

 

- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;

 

- бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).

 

43. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.

 

44. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.

 

    45.  Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-  

    уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында  

    каралган учурлардан сырткары, комиссиянын төрагасынын  уруксатысыз берилбейт.

 

 

 

  Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                 Ө.Акбашов

 

 

 

              

 

                                                          

 

Жаңы- Алай  айылдык  Кеңешинин 6 – чакырылышынын кезексиз 21-отурумунун

 

                                                            ТОКТОМУ

 

03-декабрь 2018-жыл                           № 21/2                                         Жаңы-Алай  айылы

 

 

Кыргыз Республикасынын“Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык  Жаңы -Алай  айыл өкмөтүндө  бузуулар жөнүндө  иштерди кароо  боюнча комиссия түзүу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык Жаңы-Алай  айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди  кароо  боюнча комиссиянын курамын түзүү максатында

Жаңы- Алай айылдык  Кеңешинин  6- чакырылышынын  21- кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Жаңы-Алай  айыл өкмөтүндө  “Бузуулар Жөнүндө”  иштерди кароо  боюнча жобого  ылайык  Жаңы-Алай  айыл өкмөтүндө  бузуулар жөнүндө  иштерди кароо  боюнча  сандык  курамы  7 адамдан турган  комиссиясы  төмөндөгүдөй болуп  түзүлсүн.

( тиркеме  №1)

 

2.Жобого  ылайык  иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссиянын  курамына  милдеттендирилсин.

 

3.Комиссия өз  ишмердүүлүгүндө  Кыргыз  Республикасынын  Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексин, башка  ченемдик укуктук  актыларды  жана ушул жобону  жетекчиликке  алып иш жүргүзсүн, ошондой эле жылына бир жолудан 15-январдан кеч эмес  өткөн календардык  жылда аткарган иштери тууралуу отчет  даярдап жергиликтүү кеңешке киргизсин.

 

4.Комиссиянын  ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын  эсебинен жүргүзүлсүн.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы мыйзам жана укук боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

Жаңы- Алай айылдык  Кеңешинин төрагасы:                                Ө.Акбашов

 

                                                                         

                                                                    

 

 

                                                                               Ош  облусунун  Алай  районундагы  

                                       

                                                                               Жаңы-Алай  айылдык  Кеңешинин                              

                                                                               2018-  жылдын  03-декабрындагы               

                                                                               кезектеги   21-отурумунун №  21/2        

                                                                               токтомунун  №1 тиркемеси

Жаңы-Алай айыл   өкмөтүндөгү  “Бузуулар  жөнүндө” иштерди  кароо  боюнча комиссиянын

курамы:

 

1. Ыдырысов.Т -комиссиянын  төрагасы,  аксакалдар  кеңешинин  төрагасы;    

2.  Атырова.Б  комиссиянын  катчысы, айыл  өкмөттүн соц.кызматкери;

                                                           МҮЧӨЛӨРҮ:

3.  Кенешов.Р-  Айылдык  кенештин  депутаты; (макулдашуу  менен)

4.   Пазылова.Ж –“Жаны-Арык балдар бакчасынын” директору     

          (макулдашуу  менен)

5. Сооронов.Т   - Айылдык  кенештин  депутаты; (макулдашуу  менен)

6. Мамытов.М   -  Кымыз-Булак” СООВП жетекчиси;

7. Абдукеримова Н – С.Ашимов атындагы орто мектибинин директору.(макулдашуу менен)

 

 

 

 

Жаны-Алай айыл  өкмөтүнүн   жооптуу  катчысы:                          А.Мамаева      

 

 

 

                                                           

                                                            

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 22-заседаниесинин

 

                                                              ТОКТОМУ

 

            12-декабрь  2018-ж                       №22/1                                         Жаңы-Алай айылы                                

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларына

                                                                                    атайын  каражаттан  түшкөн  каражаттын киреше

                                                                                   жана  чыгаша бөлүгүн 2018-жылдын бекитилген

                                                                                   сметасына  такталган  планга  өзгөртүү киргизүү   

             жөнүндө

 

 Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз   22-заседаниеси

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларына ата-энелерлен түшкөн атайын каражат 2018-жылдын                             IV-кварталдын планына киргизилсин.

 

к/н

 

Беренелердин аталышы

берене

Бардыгы

2018-жылдын IV-кварталына

көбөйтүү

азайтуу

1

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринин кошумча кызматы үчүн акы

14232400

60,0

60,0

 

 

2.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларына ата-энелерден түшкөн атайын каржат IV-кварталдын планына киргизилип, төмөнкү беренеден чыгымдалсын.

 

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

Бардыгы

2018-жылдын IV-кварталына

көбөйтүү

азайтуу

709

Бала бакча

Тамак-аш азыктарын алуу

22181100

60,0

60,0

 

 

3.Жогорудагы ата-эелерден түшкөн атайын  каражатын 2018-жылдын IV-кварталдын планына киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

 

3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын  ФЭБ башчысы А.Пармановго  милдеттендирилсин.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А. Исмаиловго көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

  Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                       Ө. Акбашов.

 

 

 

 

                                                             

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз  22-заседаниесинин

 

                                                          ТОКТОМУ

 

  19 декабрь 2018-жыл                         №22/2                                      Жаңы-Алай айылы

                                                                                   

                                                                                Жаңы-Алай  айыл   өкмөтүнүн 2018-жылга

                                                                               бекитилген   жергиликтүү бюджетинин

                                                                               чыгаша бөлүгүнүн толуктоочу грант

                                                                               эсебинен чыгымдалуучу акча                       

                                                                               каражаттарынын планына  өзгөртүү                   

                                                                               киргизүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз  22-заседаниесинин

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

I. .«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесине ылайык, Жаңы-Алай  айыл    өкмөтүнүн 2018 жылга бекитилген  жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнун бекитилген планга тактоо киргизүү жана толуктоочу грант эсебинен чыгымдалуучу акча каражаттарынын  планына  төмөндөгү үнөмдөлгөн  бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын

 

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Беренелердин аталышы

берене

IV-квартал

көбөйтүү

азайтуу

701

Аппарат

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат корсөтүү

22 154 900

32,1

 

701

Аппарат

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу

22221200

 

15,2

706

ЖКХ

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат корсөтүү

22 154 900

 

4,1

708

Библиотека

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат корсөтүү

22 154 900

6,5

 

708

Клуб

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат корсөтүү

22 154 900

40,0

 

709

Мектеп

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат корсөтүү

22 154 900

 

16,0

709

Мектеп

Электр энергиясына акы

22 311 200

 

43,3

Бардыгы:

78,6

78,6

II.Жогорудагы акча каражатын  бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

 

III.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын  ФЭБ башчысы  А.Пармановго  милдеттендирилсин.

 

IV.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы

 А. Исмаиловго көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы:                                           Ө. Акбашов                

 

 

 

 

 

                                                           

 

 

 

Жаны-Алай  айылдык  Кенешинин  6 - шайланган кезектеги  23- заседаниесинин

 

ТОКТОМУ

 

Жаны-Алай айылы.                            № 23/1                           20-декабрь  2018-жыл

 

 

Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы жылдын жыйынтыгы жөнүндө

 

Жаны-Алай айыл өкмөтунун 2017- 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүн аткарылышы жылдын жыйынтыгын угуп жана талкуулап  айылдык кенештин заседаниеси

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2017- 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн  аткарылышы бекитилсин  жылдын жыйынтыгы жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысы  А. Исмаиловдун билдирүүсү жактырылсын

2. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга социалдык - экономикалык өнүгүүсүнүн планы кабыл алынсын .

3. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү божомол планы кабыл алынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жаны-Алай айылдык кенешинин  төрагасы :                                      Акбашов.Ө

 

 

 

                                                                  

 

Жаны-Алай  айылдык  Кенешинин  6 - шайланган кезектеги  23- заседаниесинин

 

ТОКТОМУ

 

Жаны-Алай айылы.                            № 23/2                          20-декабрь  2018-жыл

 

Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджеттин  2017-жылга аткарылышы,  2018-жылга  маалыматы,  2019-жылга  жергиликтуу бюджеттин киреше жана чыгаша болукторун бекитүү, 2020-2021-жылдарга болжолдуу долбоорун  бекитүү жөнүндө                                                                                   

Жаны-Алай айылдык Кеңешинин  6-чакырылышынын кезектеги  23- заседаниеси

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн  2017-жылга  жергиликтүү  бюджеттин киреше бөлүгү 6532,4 миң сомго,  анын  ичинен өздүк киреше  -1472,3 тендөөчү грант -3863,2 мин сом,   атайын    каражаттар–495,7 мин сомго, республикалык бюджеттен берилуучу каражаттар (средства  передаваемые)-297,4 миң сом,откон жылдан калган калдык 403,8мин сом  жана чыгаша бөлүгү  5864,5 миң сомго  аткарылгандыгы белгиленсин. 

2 Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн  2018-жылга  жергиликтүү  бюджеттин киреше бөлүгү 6935,9 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 6682,0 миң сомго  аткарылгандыгы белгиленсин. 

3. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн  2019-жылга  жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 6477,6  миң сомго,  анын  ичинен  тендөөчү грант -4456,4 мин сомго,  өздүк киреше  -2021,2 мин сомго (анын ичинен  атайын  каражаттар – 445,0 мин сом)   бекитилсин. 

4. 2020-жылга  жергиликтүү бюджеттин киреше  жана чыгаша  бөлүгүнүн   долбоорунун планы  6609,7 миң сомго, анын ичинен:  тендөөчү грант 4341,5 мин сом,  өздүк киреше     2268,2 мин сом (анын ичинен  атайын  каражаттар – 445,0 мин сом),  2021-жылга жергиликтүү  бюджеттин  киреше жана чыгаша       бөлүгүнүн планы 6651,0 миң сомго анын ичинен: тендөөчү грант 4124,8 мин сом,  өздүк киреше  2526,2 мин сом (анын ичинен  атайын  каражаттар – 445,0 мин сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.

 5. Жаны-Алай айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте        каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу,       отчет-учет иштерин убагында  айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы       мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына       милдеттендирилсин.     

6.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу        жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн        башчысына тапшырылсын.

   7.Бул токтомдун  аткарылышын  камсыз кылуу жагы Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы          А.Исмаиловго милдеттендирилип, көзөмөлдөө  туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Жаны-Алай  айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                  О.Акбашов

 

 

 

                                                                

 

Жаны-Алай  айылдык  Кенешинин  6 - шайланган кезектеги  23- заседаниесинин

 

ТОКТОМУ

 

Жаны-Алай айылы.                            № 23/3                          20-декабрь  2018-жыл

 

 

Жаңы-Алай  айыл  өкмөтүнүн   Жаңы-Алай  жана

                                                                      Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин

 

                                                                             сунушунун   негизинде   ата - энелерден түшө турган    

взносун бекитүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай  айыл  өкмөтүнүн   Жаңы-Алай  жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун  негизинде  ата - энелерден түшө турган взносун бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык Кеңешинин 6-шайланган кезектеги                    23-заседаниеси

 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата-энелер взносу бир балага бир айга 400 сомдон бекитилсин.

 

2.Жаңы-Алай балдар бакчасынын жетекчиси А. Шаңыяева, Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчиси Омарали кызы Айпери ата-энелерден топтолгон атайын каражатты өз убагында атайын каражат счетуна төгүү жана максаттуу жумшоо жагы милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Исмаиловго, К.Э.Б башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.

 

 

 

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                    Ө. Акбашов

 

 

 

                                                                

 

Жаны-Алай  айылдык  Кенешинин  6 - шайланган кезектеги  23- заседаниесинин

 

ТОКТОМУ

 

Жаны-Алай айылы.                            № 23/4                         20-декабрь  2018-жыл

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган

ветеринардык    адистикти    контрактык   негизде

жергиликтүү    бюджеттин     эсебинен     штаттык

                                   бирдигин киргизүү жөнүндө

 

Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомунда көрсөтүлгөн ветеринардык врачты жергиликтүү бюджеттин эсебинен штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин кезектеги заседаниеси

 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

I.Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн сунушунда көрсөтүлгөн Жаңы-Алай айылынын чок ортосунда жайланышкан “Сибир жарасынын” очогу баланста тургандыктан, Алай районунун ветеринардык адистери Гүлчө айылында тургандыктан, Гүлчө айылынан 90 чакырым алыс болгондуктан, ветеринардык профилактикалык иштер өз учурунда болбой, айылда жашаган элдерден арыздар көп түшкөнүн эске алып жергиликтүү бюджеттин эсебинен контрактык негизде ветеринардык адистик штат бирдиги киргизилсин.

 

II.2019-жылдын  жергиликтүү  бюджетинин  сметасына киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

 

III.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Исмаиловго, К.Э.Б башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                 Ө. Акбашов

 

                                                                

 

Жаны-Алай  айылдык  Кенешинин  6 - шайланган кезектеги  23- заседаниесинин

 

ТОКТОМУ

 

Жаны-Алай айылы.                            № 24/1                         21-январь  2019-жыл

 

 

 

Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын             1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 921,9 миң сом калган калдык акча каражатын 2019-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө.

 

Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2019-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Жаны-Алай  айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сороонов жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап

 

Жаны-Алай айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жаны-Алай  айыл  өкмөтүнүн  2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдан пайдаланылбай калган 921,9 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-41,7мин сом) калдык  акча каражатын 2019-жылдын  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

 

2.Айылдык Кенештин заседаниесинде талкууланган 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдан пайдаланылбай калган 921,9 мин сом(анын ичинен атайын каражаттар-41,7мин сом)  акча каражаты 2019-жылдын  бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча  киргизип берүү жагы Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

 

3.Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүнө милдеттендирилип, көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Жаны-Алай  айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                 Ө.Акбашов